ТИМ кыргызстандык ММА мушкерине Таиландда иш козголгонун тастыктады

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги зордуктоого шектүү менен байланышта, ага зарыл болгон укуктук жардам берилүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. КР Тышкы иштер министрлиги Таиландда кыргызстандыкка карата кылмыш иш козголду деген маалыматты таcтыктады.
Билдирмеге ылайык, учурда тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги шектүү менен байланышта, ага зарыл болгон укуктук жардам берилүүдө.
Буга чейин The Thaiger басылмасы Пхукеттеги Чалонг аймактык полициясы кыргызстандык ММА мушкерин (аралаш мушташ) саунанын 19 жаштагы кызматкерин зордуктады деп издеп жатканын жазган. Жабырлануучу 21-августта полицияга арыз жазган.
Кыздын айтымында, 28 жаштагы Султан машыгуулардан кийин саунадагы "муздак ванна" кызматына буюртма берген. Кызматкер ваннаны даярдап коюп администратордун ордуна келген. Процедурадан кийин мушкер персоналды аталган бөлмөгө чакырып, зордуктаган. Мындан кийин спортчу кыздан бул тууралуу эч кимге айтпашын талап кылып, эртеси саунага келүүнү убадалаган. Мушкер мотоцикли менен кеткен соң жабырлануучу кыз аймактык полицияга кайрылган.
Кара-Сууда уктап жаткан секелекти уурдап кетип зордуктаган киши өмүр бою кесилди