Пресс-борбор

ШКУ менен ЕАЭБдеги транспорт коридорлорун өнүктүрүү кайсы этапка келди

Эксперт Кыргызстандын рельефинин өзгөчөлүгү транспорттук коридорлорду кеңейтүүгө жол бербей турганына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. ШКУ менен ЕАЭБдеги транспорт коридорлорун илгерилетүү аракеттери кайсы этапка келгенин саясат таануу илимдеринин кандидаты Алина Молдокеева Sputnik маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөнүн жүрүшүндө түшүндүрүп берди.
Саясат таануу илимдеринин кандидаты Алина Молдокеева
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ШКУ менен ЕАЭБдин ортосунда сегиз транспорттук коридор иштеп жатат, Кыргызстан бул долбоорлорго кошулган.
"Эгер Борбор Азия тууралуу кеп кыла турган болсок, региондогу мамлекеттердин көбү эл аралык уюмдарга мүчө болуп, дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланган. Бирок бири-бири менен байланышы анча жакшы эмес. Транспорттук коридорлор жана энергетика маселелеринин баары советтик доордо түзүлгөн алаканын негизинде чечилип келген", — деди Молдокеева.
Ал Кыргызстандын материктеги орду маанилүү экенин белгилеп, бирок рельефинин өзгөчөлүгү транспорттук коридорлорду кеңейтүүгө жол бербей турганына токтолду. Өлкө аймагында көбүнчө автоунаа жолдору пайдаланылат.
"Кыргызстанда ар бир 1000 жашоочуга 280 автоунаа туура келерин статистика көрсөттү. Советтер Союзу маалында курулган темир жол өнүккөн эмес", — деди эксперт.
Эскерте кетсек, Азия, Европа жана Жакынкы Чыгышты 50 миң чакырымды түзгөн Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыттарындагы транспорттук коридорлор гана байланыштырып турат.
Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев ШКУ мамлекеттеринин экономикалык потенциалын күчөтүү үчүн Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыты боюнча кеткен инклюзивдик транспорттук система түзүү зарылдыгын билдирген. Ал логистикалык процедураларды санариптештирүү, анын ичинде уюмга мүчө-мамлекеттердин чек арасы аркылуу өткөн товарлар тууралуу электрондук форматта маалымат алмашууну уюштуруу сунушун айткан.
ЧЭФ күндөлүгү: былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында жүк ташуу рекорд койду