Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль Россияга ATACMS менен сокку уруу боюнча чечим кабыл алынганын четке какпайт

Байден АКШ "ушу тапта" Украинага Россиянын тереңине сокку уруу үчүн алыска атылуучу куралды колдонууга уруксат берүү маселесин карап жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россияга ATACMS менен сокку уруу боюнча чечим кабыл алынып калганын четке какпай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. https://ria.ru/20240911/ukraina-1972052420.html
"Чечим кабыл алынган болуш керек. Азыркы тапта ЖМКларда кабыл алынган чечимди формалдаштыруу үчүн жөн гана маалыматтык кампания жүрүп жатат", — деди Кремлдин өкүлү.
Песков мамкатчы Блинкендин Киевге барган учурунда Украинага ATACMS ракеталары менен Россия аймагына сокку урууга уруксат бериши мүмкүн деген Батыш ЖМКларындагы маалыматтар тууралуу суроолорго жооп берген. Ал АКШ менен европалык мамлекеттердин украин жаңжалынан оолак болууга жасаган аракетинен майнап чыкпай турганын да белгилеген. Песков Россиянын жообу тийиштүү деңгээлде болорун кошумчалады.
"Бардык нерсеге эле жооп күтө бербеш керек. Атайын аскердик операциянын өзү жооп болуп эсептелет", — деди ал.
Кремль өкүлүнүн айтымында, жамааттык Батыштын кабыл алып, анан Украинада колдонулган чечимдеринин баары атайын операциянын зарыл болгонун далилдеп турат.
Шейшемби күнү Блинкен АКШ Украинага Россиянын тереңине америкалык ATACMS ракеталары менен сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экенин билдирген.
Ошол эле күнү Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ мурдагыдай эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын тереңине сокку уруусун колдобой турганын белгилеген. Анын айтымында, Америка Жо Байдендин Британия премьери Кир Стармер менен Украинанын Батыш берген куралды колдонуусу тууралуу сүйлөшүү планына карабай ушундай позицияда.
Буга кошумча, Axios басылмасынын журналисти Джулигрейс Бруфке АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Макколго таянуу менен Украинага барган Мамдепартамент башчысы Энтони Блинкен шаршемби күнү АКШ Россияга сокку уруу үчүн Киевге ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат берерин билдиргенин кабарлады.
Ал эми Байден АКШ "ушу тапта" Украинага Россиянын тереңине сокку уруу үчүн алыска атылуучу куралды колдонууга уруксат берүү маселесин карап жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский армиясын эмнеге Курскиде кармап отурат. Серепчинин түшүндүрмөсү