Ош мэриясы каалоочуларды автобус айдоого ишке чакырат

Шаардык администрация жумушка орношууну каалоочулардын айдоочулук тажрыйбасы болушу шарт экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы 21 жаштан 60 жашка чейинки айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, жумушка кабыл алына турган адамдын D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү жана айдоочулук тажрыйбасы болушу керек. Ишке жаңы кабыл алынган айдоочулар Ошко алып келинген жаңы заманбап автобустарды айдайт.
Байланыш үчүн номерлер: +996 559 323 235; +996 557 060 601; +996 224 088 585.
Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырууда. Талаптары