БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Ак шумкардын" башкы машыктыруучусу Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы атаандашы Өзбекстанды таң калтыра алганы менен тажрыйбанын аздыгынан эмоцияга алдырып койду деген жыйынтыкка келди.
Эскерте кетсек, кечээ 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун беттеши өткөн. Кыргызстандык команда эки ирет топ киргизсе да атаандашы артыкчылык кыларын көрсөттү. Натыйжада оюн 2:3 эсеби менен аяктаган. Эки турдун жыйынтыгы менен улуттук команда бир да упайга ээ боло элек, азырынча тайпада акыркы алтынчы орунду ээлеп турат.
"Балдарга ыраазычылык билдирдим, анткени чоң жумуш жасалды, даярдандык, үмүт бар эле. Упай алууну абдан каалаганбыз, тилекке каршы, эмоцияга алдырып койдук, мындай деңгээлдеги оюн үчүн тажрыйбабыз аздык кылууда. Ошол себептен беттештен утулуп калдык", — деди Лисицын.
Анын айтымында, курама команданын баштапкы курамында позициялар өзгөргөн.
"Мындай кадам атаандашыбыз үчүн күтүүсүз болгонун оюн көрсөттү. Эки топ киргиздик, тобокелчиликке барган учурларыбыз арбын болду. Футбол өзү ушундай, бүгүн биз атаандашыбызды ойго келбеген элементтер менен таң калтыра алдык. Ошону менен бирге көп мүмкүнчүлүк да берип койдук, алар мындан пайдаланып кетишти", — деди машыктыруучу.
Лисицын беттешке анализ жүргүзүлөрүн белгиледи.
"Бул — команда үчүн, өзгөчө жаш балдар үчүн мыкты тажрыйба. Кийинкисинде күчтүүрөөк болобуз деп ойлойм", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.