ЖККУнун башкы катчысы: учурдагы кризистер өзгөчө кадамдарды талап кылат

ЖККУнун башкы катчысы машыгуулар уюмдун ыкчам күчтөрү ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүгө даярдыгын көрсөткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бүгүнкү күндө согуштук маселелерди чечүү үчүн аскердик компонентти эле колдонуу жетишсиз. Бул тууралуу Балыкчыдагы машыгуулардын жыйынтыгында ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов билдирди.
Ал учурдагы кризистер ар кошкон болуп, чечилиши атайын кадамдарды талап кыларын белгилеген.
"ЖККУнун аскердик күчтөрүнүн тажрыйбасы колдонулуп тоолуу, кумдуу жерде биргелешкен операцияларды жүргүзүүдө пландоо, күч колдонуу боюнча машыгуу болду", — деди Тасмагамбетов.
Башкы катчы машыгуулар уюмдун ыкчам күчтөрү ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүгө даярдыгын көрсөткөнүн белгиледи.
"Башкаруу органдары Борбордук Азиянын аймагында биргелешкен операцияда ыкчам күчтөрдү колдонуу боюнча тажрыйбага ээ болушту. Командирлер жана штабдар берилген тапшырмаларды аткарып жатып, бөлүктөрдү башкарууда жогорку жөндөмдөрдү көрсөтүштү. Улуттук контингенттердин өздүк курамы кесипкөйлүгүн жана мыкты даярдыгын көрсөтө алышты. Бардык окуу-машыгуу тапшырмалары толугу менен аткарылды", — деди Тасмагамбетов.
Эске салсак, Балыкчыда ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгуулары өттү. Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү катышууда. Окуу-машыгууларга 1500дөн ашык аскер кызматкери, 200 аскер техникасы, анын ичинде 10 авиациялык жана 10 деңиз кемеси тартылган.
Балыкчыда ЖККУ машыгууларынын активдүү фазасы өтүүдө. Видео