УКМК: "Эркеч-Там" өткөрмө пунктундагыларды сабаган 25 "ортомчу" кармалды

Жергиликтүү тургундардан турган топ импорттолуучу товарларды коштоп, көзөмөлгө алышканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрмө бекетинде "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабаган 25 киши кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана бажыдагы коррупциялык иштерди жоюу максатында түзүлгөн. Бирок бул ошол жерде ортомчулук менен алектенген жергиликтүү тургундарга жакпай калган.
"Жергиликтүү тургундардан турган топ импорттолуучу товарларды көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан", — деп айтылат УКМК жиберген маалыматта.
Натыйжада 25 адам мамлекеттик ишкананын кызматкерлерин сабап салган. Алар 10-сентябрь күнү УКМК тарабынан кармалган.
Кыргыз паспортторун жасап автоунаа алып-сатып иштеген топ кармалды