Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Көчмөндөр оюндары: үчүнчү күндүн программасы

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө, ал эми финалдык беттештер саат 17:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында салттуу жаа атуу, далба ойнотуу, ат үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көкпар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, алыш бел боо күрөшү, аркан тартыш жана оордуктарды көтөрүү боюнча мелдештер өтөт.
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө, ал эми финалдык беттештер саат 17:00дө башталат.
Жер улак (көкпар) боюнча оюндар:
11:00 — Казакстан – Россия.
Көк бөрү боюнча оюндар:
16:00 — Түркия – Казакстан (А тайпасы);
17:00 — Россия – Кыргызстан (Б тайпасы).
Ат үстүндө жаа атуу — Аида Акматова, Тимур Болотов, Нурсултан Мукаев, Мерген Мирланов;
Далба ойнотуу — Түгөлбай Абдукадыров, Бакыт Шамуратов, Курбантай Билалдинов;
Чүкө оюну — Нурмухаммед Абдраимов, Нурлан Чотонов, Кубатбек Дубанаев, Тариэл Искендер уулу, Гүлзина Абдилашим кызы, Галина Арзыкулова, Аделя Искендерова, Миргүл Сабиева;
Тогуз коргоол — Марлис Дуулатбеков, Алтынай Шамбетова, Сырттан Сыргак уулу, Азиза Жамансартова;
Оордуктарды көтөрүү — Уларбек Күрүчбеков.
Мындан тышкары, эркектер жана кыз-келиндер арасында аркан тартыш, алыш бел боо күрөшү ар кайсы салмак категорияда өтөт.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Кыргыз улакчылары көкпар боюнча финалга чыкты