Салык кызматы 3,1 млрд. сом мүлк салыгын чогултту

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 миллион сомго көп салык жыйналган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Салык кызматы 8 айда 3 миллиард 199,2 миллион сом мүлк салыгын чогултту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 миллион сомго көп.
"Чогултулган каражаттын 845,7 миллион сомун кыймылдуу, ал эми 1 миллиард 251,3 миллион сому кыймылсыз мүлк салыгы түздү. Жер салыгы боюнча жыйымдар 1 миллиард 102 миллион сом болду", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга жана үй жанындагы, короо-жай жана бак чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.
Таксисттер менен курьерлер 1-январга чейин ККМ колдонуудан бошотулат