Министрлик жаңы окуу графиги боюнча кат даярдап жатканын айтты

Жаңы окуу графиги боюнча нааразычылыктар күч алып, маселе парламент трибунасынан көтөрүлө баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Билим берүү мекемелериндеги окуу графиги боюнча документ демилгеленгенде министрлик терс корутунду берген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик балдардын саат 7:30да окушуна каршы болгон.
"Токтом долбоорун бизге макулдашууга жибергенде терс корутунду бергенбиз. Шаардык кеңештин сунушуна макул болгон эмеспиз. Бирок анда биздин пикир эске алынган жок. Азыр окуу жайлардан келген кайрылуулардын негизинде министрлер кабинети менен мэрияга кат даярдалууда", — дешти министрликтен.
Эске салсак, майдын этегинде Бишкек мэриясынын демилгеси менен минкаб токтом кабыл алган. Анда мектептерде сабак 8:00дөн эрте, ал эми университеттерде окуу саат 10:00дөн кийин башталышы керектиги белгиленген болчу. Бул чечим жол тыгыны менен күрөшүү максатында кабыл алынганы айтылган.
Сентябрда окуу башталгандан бери бул чечимге нааразы болгондордун катары көбөйүп, маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттар токтом туура эмес кабыл алынганын жана аны артка кайтаруу керектигин белгилеп жатышат.
Үч чоң шаарда медиктерге ишке унаа айдап баруудан баш тартуу сунушталды