Нарында чыгарылган мототехника сатыкка чыга баштады

Нарында чыгарылган мототехника сатыкка чыга баштады
Завод Ат-Башыдагы Кара-Булак участкасында курулган эл аралык соода-логистикалык борбордо жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Нарында чыгарылган мототехника сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мотоцикл чогулткан "Нарын мото" заводу Ат-Башыдагы Кара-Булак участкасында курулган эл аралык соода-логистикалык борбордо жайгашкан.
"Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2, 3, 4 дөңгөлөктүү мототехника куралып чыгууда. Алар 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат жана күйүүчү май менен жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мотоциклдердин баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин экени кошумчаланды.
Asman Airlines компаниясынын биринчи учагын Бишкекте тосуп алуу аземи
Акылбек Жапаров: Жалал-Абадга эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда