Чет өлкөлүктөргө карата жасалган кылмыштар үчүн жаза катаалдаштырылууда

Мыйзам долбоордун максаты — чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларга каршы кылмыштардын жасалышын алдын алуу.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Чет өлкөлүктөргө карата жасалган кылмыштарды өзүнчө квалификациялоо сунушталды. Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.
Максаты — чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларга каршы кылмыштардын жасалышын алдын алуу. Милдети — чет өлкөлүк жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти күчөтүү.
Мындай демилгени көтөрүүгө Бишкекте 18-майга караган түндөгү окуялар себеп болгон. Анда чет элдиктерге каршы нааразычылык өтүп, ал олуттуу жаңжалга айланды. Натыйжада 29 чет элдик медициналык жардам сурап кайрылган.
Ушуга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130 ("Ден соолукка оор залал келтирүү"), 131 ("Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү"), 165 ("Адамды уурдоо"), 205 ("Уурдоо"), 206 ("Тоноо"), 207 ("Каракчылык") беренелерине чет өлкөлүк жарандарга карата көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн өзүнчө квалификацияны караган түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
"Бул түзөтүүлөр жагымдуу жана коопсуз инвестициялык чөйрөнү камсыз кылууга, анын ичинде өлкөнүн аймагында окуган жана билим берүү секторуна финансылык каражаттарды салган студенттер үчүн оң таасирин тийгизет", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.
Кыргыз паспортторун жасап автоунаа алып-сатып иштеген топ кармалды