Депутаттар билим берүү мекемелеринин жаңы графигине нааразы болушууда

Эл өкүлдөрү тыгынды азайтуу максатында кабыл алынган чечим ыңгайсыздык жаратып, тыгынды күчөтүп жатышканын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Студенттерге эксперимент кыла бергенди токтотуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты.
Ал студенттердин окуусу 10до башталганы боюнча өкмөттүн чыгарган токтому көйгөй жаратып жатканын белгилеген.
"Өкмөт студенттер 10дон баштап окусун деген токтом чыгарган. Мында экинчи нөөмөттө окугандар саат 20-21ге чейин окуп жатышат. Натыйжада тыгындар 18ден 21.00-21:30га чейин уланууда. Бул чечимдин маңызы түшүнүксүз. Студенттерге эксперимент кылганды токтотпойлубу, дайыма ушундай кылабыз. Чечимди артка кайтаргыла", — деди Бекешев.
Бул кайрылууну төрага Нурланбек Шакиев дагы колдоп, чечим кичинекей балдарга дагы терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
"Кичинекей балдар жетиде (мектепке) барыш үчүн алтыда турушу керек. Анан кеч дагы калышууда. Бул боюнча бизге дагы кайрылуулар түшүп жатат. Минкаб муну чечиши керек", — деди Шакиев.
Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев мурдагы график ишке бара турган адам үчүн ыңгайлуу экенин, аны өзгөртүү чечими ката болгонун кошумчалады.
Эске салсак, Бишкекте ЖОЖ, кесиптик лицей, колледждерде сабакты саат 10:00дөн эрте баштабоо боюнча токтом чыккан. Ошондой эле айрым мектептердеги окуу сегизге чейин башталмак. Мындай чечим шаардагы жол тыгынын азайтуу максатында кабыл алынган.
Үч чоң шаарда медиктерге ишке унаа айдап баруудан баш тартуу сунушталды