Аида Касымалиева Башкы Ассамблеянын 79-сессиясында төраганын орун басары болду

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Башкы Ассамблеянын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында уюмдун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өткөн.
"Жыйынды БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасы болуп шайланган камерундук Филемон Янг алып барды. Ал эми Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева төраганын орун басары катары ишине киришти", — деп жазылат маалыматта.
Путин эмнеге БУУнун Башкы Ассамблея жыйынына барбай турганын Кремль түшүндүрдү