БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. ЖККУ ПА катчылыгы менен Кыргызстандын билим берүү уюмдары жана мекемелери 10-сентябрда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, бул келишимдер илимий-изилдөө, укуктук, гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Макулдашуулар төмөнкү билим берүү уюмдары менен түзүлдү:
Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети;
Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
Ош мамлекеттик университети;
Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.