Балыкчыда ЖККУ машыгууларынын активдүү фазасы өтүүдө. Видео

Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Балыкчыда ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгууларынын активдүү фазасы өтүүдө.
Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү катышууда. Окуу-машыгууларга 1500дөн ашык аскер кызматкери, 200 аскер техникасы, анын ичинде 10 авиациялык жана 10 деңиз кемеси тартылган.
1 / 5

Балыкчыда ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгууларынын активдүү фазасы өтүүдө

2 / 5

Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү катышууда

3 / 5

Окуу-машыгууларга 1500дөн ашык аскер кызматкери, 200 аскер техникасы, анын ичинде 10 авиациялык жана 10 деңиз кемеси тартылган

4 / 5

Атап айтканда, МИ-8, МИ-8 МТВ, МИ-17 В-5 тик учактары, АН-26, СУ-30 СМ учактары, Т-72 танкалары, БМП-2, ошондой эле чалгындоо жана чабуул коюучу учкучсуз учактар колдонулууда

5 / 5

Машыгуулардын жүрүшүнө ЖККУ өлкөлөрүнүн, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү байкоо салып жатат

Атап айтканда, МИ-8, МИ-8 МТВ, МИ-17 В-5 тик учактары, АН-26, СУ-30 СМ учактары, Т-72 танкалары, БМП-2, ошондой эле чалгындоо жана чабуул коюучу учкучсуз учактар колдонулууда.
Машыгуулардын жүрүшүнө ЖККУ өлкөлөрүнүн, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү байкоо салып жатат.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин депутаттары Кыргызстанга келишти