"Кыргызфильмди" Акжол Бекболотов жетектемей болду

Бекболотов кинооператор, буга чейин Кинематография департаментинин директору кызматын аркалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын жетекчилигине Акжол Бекболотов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдалды.
Билдирүүгө ылайык, жаңы жетекчини жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажималиев, Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев тааныштырды.
Акжол Бекболотов кинооператор, 2023-жылдын сентябрь айынан бери Кинематография департаментинин директору кызматын аркалап келген. 2020-жылдан 2023-жылга чейин "Кыргызфильмдин" жетекчиси болуп иштеген.
Маданият министринин орун басарлары, мекемелердин жетекчилери дайындалды