Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы корпус ишке берилди

Имаратта заманбап коммуникация системасы орнотулуп, бейтаптар жана медиктер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы имарат ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
1 / 7

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы имарат ачылды

2 / 7

Маалыматка ылайык, жаңы корпуста гемодиализ, эндокринология, нефрология бөлүмдөрү, реанимациялык керебеттер, кичи операциялык бөлмө жайгашкан

3 / 7

Ошондой эле балдар үчүн төрт, чоңдор үчүн үч жаңы гемодиализ аппараты, суу тазалоочу система орнотулганы айтылды

4 / 7

"Көп жылдар бою биздин бөлүмдөр, тактап айтканда, гемодиализ бөлүмү оор шарттарда, эскирген жабдуулар менен иштеген

5 / 7

Эми кичинекей бейтаптарыбызды дарылоо жана реабилитациялоо үчүн бизде бардык зарыл болгон ресурстар бар деп сыймыктануу менен айта алабыз", — деди имаратты ачууга катышкан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

6 / 7

Имаратта заманбап коммуникация системасы орнотулуп, ар бир бөлмөгө даараткана, душ салынып, бейтаптар жана медиктер үчүн бардык шарттар түзүлгөнү кошумчаланды

7 / 7

Имаратта заманбап коммуникация системасы орнотулуп, ар бир бөлмөгө даараткана, душ салынып, бейтаптар жана медиктер үчүн бардык шарттар түзүлгөнү кошумчаланды

Маалыматка ылайык, жаңы корпуста гемодиализ, эндокринология, нефрология бөлүмдөрү, реанимациялык керебеттер, кичи операциялык бөлмө жайгашкан.
Ошондой эле балдар үчүн төрт, чоңдор үчүн үч жаңы гемодиализ аппараты, суу тазалоочу система орнотулганы айтылды.
"Көп жылдар бою биздин бөлүмдөр, тактап айтканда, гемодиализ бөлүмү оор шарттарда, эскирген жабдуулар менен иштеген. Эми кичинекей бейтаптарыбызды дарылоо жана реабилитациялоо үчүн бизде бардык зарыл болгон ресурстар бар деп сыймыктануу менен айта алабыз", — деди имаратты ачууга катышкан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Имаратта заманбап коммуникация системасы орнотулуп, ар бир бөлмөгө даараткана, душ салынып, бейтаптар жана медиктер үчүн бардык шарттар түзүлгөнү кошумчаланды.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна электрондук жолдомо системасы киргизилет