Радио

Ала-Арча жаратылыш паркы сегиз айда 152,6 млн. сом киреше тапты

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын директорунун орун басары Эркин Тыныев ушул жылдын сегиз айында капчыгайга 104,4 миң автомобиль киргенин айтты.
Sputnik
Ала-Арча жаратылыш паркы быйыл сегиз айда 152 миллион 601 миң 537 сом киреше көрдү. Былтыр ушул мезгил аралыгында 83 миллион сомдун тегерегинде киреше түшкөнүн Эркин Тыныев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаратылыш паркынын кирешеси жергиликтүү жана чет элдик эс алуучулардын санынын өскөнү, А-фрейм үлгүсүндөгү коттедждердеги кызмат көрсөтүүгө байланыштуу.
"Ала-Арча жаратылыш паркына келген туристтердин саны жылдан-жылга өсүп жатат. Эс алганы көбүнесе араб мамлекеттеринен келүүдө. Мындан улам парктын кирешеси да өстү. Ала-Арча паркы быйыл сегиз айда 152 миллион 601 миң 537 сом киреше тапты. Былтыр ушул мезгил аралыгында 83 миллион сомдун тегерегинде болгон. Өсүш 180 пайыздан ашып, рекорд койду. Киреше жергиликтүү жана чет элдик эс алуучулардын санынын өскөнүнө, А-фрейм үлгүсүндөгү коттедждердеги кызмат көрсөтүүгө байланыштуу. Сегиз айда Ала-Арча паркына 104,4 миң автомобиль кирди", — деди Тыныев.
Ошондой эле ал сейил бактын ичинде тамактануучу жайлар ачыларын, баа элге ыңгайлуу болорун кошумчалады.