Фермерлер эт өндүрүүнү кантип көбөйтүү керек — эксперттер менен маек

Sputnik
Кыргызстанда эт кымбаттады. Бул маселе эт өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү менен чечилет. Ал үчүн эт берүүчү малды туура багып, санын көбөйтүү керек. Кыргызстанда көпчүлүк фермерлер малды туура багууну жана тоютту туура даярдоону биле бербейт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан өндүрүлгөн этке кызыккан чет өлкөлөр арбыды. ЕАЭБ өлкөлөрүнө андан тышкары Кытай, Араб өлкөлөрүнө этти экспорттоого шарттар бар. Кытай жашоо деңгээли көтөрүлүп жатканына байланыштуу этке болгон керектөөсү да өстү. Мисалы, Кыргызстанда бир адам жылына 27 килограмм эт керектейт. Россияда бул көрсөткүч 46 килограммды түзөт. Фермерлер эт өндүрүүнү кантип көбөйтүү керектигин спутник Кыргызстан радиосунун “Ачык кеп” берүүсүндө талкууладык.