Бишкек таксисттерге карата талаптарды күчөтүүнү көздөөдө — эмне өзгөрөт?

Sputnik
Кыргызстандын министрлер кабинети автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана багажды такси менен ташуу эрежелерин бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду. Документте таксисттердин, жүргүнчүлөрдүн, диспетчердик жана маалымат кызматтарынын укуктары менен милдеттери каралган. Демилгечи — борбор калаанын мэриясы.
Бул токтомдолбоорунда кандай өзгөрүүлөр болот жана максаты кандай экендигин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин эксперти Талгат Жылмышев жана такси багыты боюнча эксперт Тахир Хожамниязов түшүндүрдү.