Ысык-Көлдү жоготуп алуу алдында турабыз. Кантип алдын алуу керек?

Sputnik
Балыкчы, Оттук, Григорьевка жана Түп аймактарында суунун кирдөөсү эвтрофтук абалга өтүп баратканы белгилүү болгон. Көлдө балырлануу өтө тездик менен жүрүп жатканын байкоого болорун экологдор айтып коңгуроо кагууда.
"Ысык-Көл бүгүн абдан чоң экологиялык көйгөйлөргө туш болуп турат. Аны сактап калуу үчүн комплекстүү иш-чараларды жасашыбыз керек. Таштандылар, мыйзамсыз балык уулоо, жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо, мыйзамсыз жерлерге үй куруунун баары Көлдүнсуусунунун тазалыгына, тунуктугуна таасирин тийгизет. 2000-жылдары эле Ысык-Көл органикалык заттарга жакыр көлдөрдүн катарына кирчү.
Ал эми 2021-жылдагы изилдөөнүн натыйжасында ал үч жеринен орточо балырланган абалга жылгандыгыаныкталган”, — деди Тотубаева. 2-3 жылдын ичинде эле бир катар жерлери балырланып процесс өтө тездик менен жүрүп жатканын эколог билдирди