Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский армиясын эмнеге Курскиде кармап отурат. Серепчинин түшүндүрмөсү

Эксперт Зеленскийдин өкмөтү оор кырдаалга туш болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын куралдуу күчтөрүнө Курск чөлкөмүнөн чегинүүгө буйрук бере албайт. Анткени Батыш муну жеңилүү катары кабыл алат. Мындай пикирин аналитик Марк Епископос The American Conservative журналына жазган макаласында айткан.
"Зеленскийдин өкмөтү түйүнчөгүн түйүп Курск облусунан чыгып кете албайт. Киевдин негизги милдеттеринин бири — Батыштагы элди манипуляциялоо. Аларга (Батышка —ред.) артка чегинүүнү элестетүү оор", — деген ал.
Эксперттин айтымында, так ушундан улам Киев тынымсыз жоготууларга жана Россиянын Донбасстагы ийгилигине карабастан Курск аймагына көбүрөөк аскер бөлүктөрүн жөнөтүп жатат. Епископос Украинанын Куралдуу күчтөрү мындай аракеттер менен да Курск облусунда басып алган аймактарды сактап кала албай турганын белгиледи.
"Соңку ирет жүргүзүлгөн массалык кызматтан бошотуулар жана отставкалардын толкуну көрсөтүп тургандай, Зеленскийдин өкмөтү оор кырдаалга туш болду", — деп жыйынтыктаган талдоочу.
Эскерте кетсек, Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусунун аймагына 6-август күнү чабуул коюп, РФ армиясы тарабынан көп тереңдебей токтотулган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинанын кадамынан кийинки Россиянын аракетинен чочулап турат