Радио

Акыйкатчы: үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүүдө, кыз-келиндер билим алышы керек

Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева өлкөдө 2024-жылы зордук-зомбулук 20 пайызга өскөнүн айтты.
Sputnik
Акыркы учурда коомдогу стреотиптер өзгөрүп, социалдык тармакты пайдалануу жайылгандыктан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук мурункуга салыштырмалуу ачыкка көбүрөөк чыгууда. Бул тууралуу Жамиля Жаманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага Акыйкатчы институту 2017-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо мыйзамын көзөмөлдөп берүүнү суранып кат жолдогон.
"Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча катталган фактылардын саны 8 500 болсо, 2023-жылы 10 миңден ашып кеткен. Ал эми 2024-жылдын төрт айында мурунку жылга салыштырмалуу 20 пайызга өскөнү белгилүү болду. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук биздин коомдо көбүнчө жашыруун жасалат. Анткени "эл эмне дейт" өңдүү стреотиптүү көз караштагы факторлор арбын. Кыз-келиндердин көп маселелерден маалыматы жок. Ошол себептен жарандарга укуктук-агартуу иштери да сөзсүз керек. Буга үйдөгү тарбия да көп роль ойнойт. Атасы энесин урганын көрүп өскөн балага бул нормалдуу эле көрүнүш болуп калат. Алар бирөөнү кордоо укук бузуу экенин аңдашпайт. Муну кадимкидей эле кабыл алат. Аймактар боюнча айтсак, Бишкек жана Чүй облусунда жашыруун зордук-зомбулук фактылары аз. Тескерисинче, алыскы аймактарда көп болот экен. Кыз-келиндерди окутпай, мектепти бүтөрү менен турмушка берип коёбуз. Алар ошону менен балалуу болуп, укугун билбей, чек арасын да коргой албай калышат. Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга айыл өкмөтүнөн баштап молдо, социалдык педагогдорго чейин аракет көрүшү зарыл," — деди Жаманбаева.
Ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча мониторинг жасалганын кошумчалады.