Россиядагы ЖОЖдорго тапшыруунун жол-жобосун түшүндүргөн көргөзмө өтөт

Анда Россиянын 33 университети тууралуу маалыматтар, ага тапшыруунун жол-жобосу тааныштырылат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандын төрт шаарында Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөлөрү өтөт. Бул тууралуу РФтин Бишкектеги билим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Россотрудничествонун квоталык орундарга тандоо кампаниясынын алкагында уюштурулат. Анда Россиянын 33 университети тууралуу маалыматтар, ага тапшыруунун жол-жобосу тааныштырылат.
"Россиядагы билим берүү – 2025-20226" аталышындагы көргөзмө 24-сентябрдан 27-сентябрга чейин уланат. Аны "Москва классиктери" коомдук фонду, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда уюштурууда.
Көргөзмөлөрдүн расписаниеси:
24-25-26-сентябрда саат 12:00дөн 16:00гө чейин Бишкек шаарындагы Киев көчөсү, 44 дарегинде жайгашкан КРСУнун башкы корпусунда өтөт;
24-сентябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин Кара-Балта шаарындагы Ленин атындагы маданият үйүндө өтөт, дареги: Ленин көчөсү, 2;
25-сентябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин Кант шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы маданият үйүндө өтөт, дареги: Тагаев көчөсү, 5а/1;
27-сентябрда саат 10:00 – 13:00 аралыгында Каракол шаарында болот.
Бардык шаарларда өткөрүлө турган көргөзмөлөргө кирүү акысыз. Катышуучулардын баары ЖОЖдун өкүлдөрүнөн кеп-кеңеш алышып, сынамык түрдө тестирлөөдөн өтүшсө болот. Университеттердин тизмеси ушул сайтта.
Кыргызстандык окуучулар эки сабактан эл аралык олимпиадага катыша алат