БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россиянын Раменское шаарында пилотсуз учуучу техниканын чабуулунан 46 жаштагы жаштагы аял каза тапты. Бул туурасында Москва облусунун губернатору Андрей Воробьевго таянып РИА Новости билдирди.
Аймактын башчысы дрондун соккусунан кийин бийик имараттын 11, 12-кабаты күйүп, учурда ал жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатканын билдирген.
"Чабуулдан 46 жаштагы аял казап таап, дагы үч киши жарадар болду ", — деп жазган Воробьев.
Окуя болгон жерге бардык тез жардам көрсөтүүчү кызматтар жиберилген. Раменское округунун жетекчиси барып, штаб түзүлгөн.
Мындан сырткары, Высоковольтная деп аталган үйдөгү дагы бир үй чабуулга алынган. Тогузунчу кабаттагы батир талкаланып, жабыркагандар бар экени айтылды. Эвакуацияланган жашоочуларды маданият сарайы менен мектепте жайгаштырып жатышат.
Губернатордун маалыматына караганда, түндө абадагы кол салуудан коргонуучу системалар Подмосковьенин Подольск, Раменское, Люберцы, Домодедово жана Коломна округдарынын асманынан 14 дронду атып түшүргөн.
Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин Жуковский аэропортунун аймагында атып түшүрүлгөн пилотсуз учуучу техниканын калдыктарын тазалап жатышканын билдирген. Анын чачырандылары борбордун Троицк административдик округундагы үйгө да түшкөн. Ал жерде да ыкчам жардам көрсөтүүчү кызматтардын адистери иштеп жатканы айтылды.
Киев бийлиги дрондор менен дээрлик күн сайын чек арага жакын жана Россиянын борбордук аймактарындагы объектилерине чабуул жасоого аракет кылууда. РФтин Абадагы кол салуудан коргонуу күчтөрү каршылаштардын пилотсуз учуучу аппараттарын кармап калып жатат.
Соңку ирет дрон менен 1-сентябрда массалык чабуул жасалган. Анда атып түшүрүлгөндөн кийин кулаган техника Капотня районундагы Московадагы майды кайра иштетүүчү заводдун техникалык имаратын талкалаган.