Путин эмнеге БУУнун Башкы Ассамблея жыйынына барбай турганын Кремль түшүндүрдү

Нью-Йоркто өтө турган БУУнун сессиясына катыша турган Россиянын делегациясын тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектемекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Президент Владимир Путин Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына барбайт, себеби АКШ учурда Россия лидери бара турган тарап эмес. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
"Соңку жылдары ал барган жок. Анан калса азыр АКШ БУУнун штаб-квартирасы жайгашкан өлкө катары өз милдеттенмелерин жакшы аткарбаган өлкө болуп эсептелет. Ошондуктан бул бара турган жакшы деле жак эмес", — деген ал.
Кремль өкүлү Путин эмнеге Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынында чыгып сүйлөбөөнү чечти деген суроого жогорудагыдай кылып жооп берген.
Президент буга чейин 22-23-сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун 79-сессиясына Россиянын он кишиден турган делегациясынын курамын бекиткен. Топту тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектеп бармакчы.
Москва америкалык визалардын берилишинде чыккан көйгөй боюнча бир нече жолу маселе көтөргөн. Бул нерсе биринчи иретте БУУга жөнөтүлгөн дипломаттарга тиешелүү болуп жатканын жана мындан улам Арбитраждык сотко кайрылуу зарылдыгы айтылган. 2023-жылдын март айынын аягында РФтин уюмдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский РИА Новостиге Россия уюмдун баш катчысы тарабынан процедуранын жакын арада ишке киргизилерине үмүттөнөрүн айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды. Себеби