Президенттин администрациясы менен министрлер кабинети "Ынтымак ордого" көчтү

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президенттин администрациясы менен министрлер кабинети толугу менен "Ынтымак ордого" көчтү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Буга чейин президент отурган Эски аянттагы Өкмөт үйүнүн имаратын Акылбек Жапаров Экономика министрлиги менен Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берген.
Президенттин администрациясы, өкмөт өкүлдөрү иштей турчу бул жаңы имарат эки жыл мурда салына баштаган. "Ынтымак ордо" деп аталган Ак үйдү 30-август күнү президент Садыр Жапаров расмий ачкан. Жеринин жалпы аянты 25,7 гектарды түзөт.
"Ынтымак ордонун" ички көрүнүшү. Видео