Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырууда. Талаптары

Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы 21 жаштан 63 жашка чейинки айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Талапка ылайык, айдоочунун D категориясы бар күбөлүгү, 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек.
Мындан тышкары, экономист жана базанын ичиндеги айдоочулар керектиги айтылды. Экономисттен жогорку билими жөнүндө диплом талап кылынса, базанын ичинде иштей турган айдоочулардын D категориясы бар күбөлүгү жана 3 жылдан кем эмес иш стажы болушу керек.
Ыңгайлуу иштөө жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнү кошумчаланды.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Бишкекте жаңы №64 автобус иштей баштады. Жол схемасы