Бишкекте Ленинград блокадачылар коомунун 30 жылдыгы белгиленди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкекте Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун 30 жылдык мааракеси белгиленди.
Анда эстеликке гүл коюлуп, Кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт өттү.
Коомдун төрагасы Марат Кутанов белгилегендей, уюм 30 жыл ичинде бир топ иштерди жасады. Айтымында, жаштарды патриоттукка тарбиялоого багытталган көптөгөн иш-чаралар, лекциялар өткөрүлдү.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому адамзат тарыхындагы эң каргашалуу окуялар менен түбөлүккө байланышкан адамдарды бириктирип келерин белгиледи.

"Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому 1994-жылы түзүлгөн. Максаты – үрөй учурган окуяларды унуткарбай кийинки муундарга өткөрүп берүү. Бул күн өткөндү гана эстетпестен, келечек жөнүндө да ойлонтот", — деди Кожокулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков коомдун 30 жылдыгы мааракелик иш-чара гана эмес, кайраттуулукту, өжөрлүктү көрсөткөн адамдарды эскерүү жана ыраазычылык билдирүү күнү экенин кошумчалады.
Бишкекте Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү