БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү Бишкек шаарына келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринин парламенттеринин өкүлдөрү "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту.
"10-сентябрда Жогорку Кеңеште ЖККУ ПА кеңешине караштуу уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин жыйыны болот. 11-сентябрда Координациялык кеңешменин мүчөлөрү Балыкчы шаарында өтүүчү ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү — 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусуна байкоочу катары катышат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, ушул тапта Балыкчы шаарында командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын окуу-машыгуулары өтүүдө. Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринен келген аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү келишкен.