Банктардын жети айда 18 млрд. сомдой киреше тапты

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Улуттук банктын маалыматы боюнча, жети айда банктардын кирешеси 17 миллиард 979,2 миллион сомду түздү.
Июлдун соңуна карата өлкөдө 21 коммерциялык банк иштейт (алардын 305 филиалы бар).
Маалым болгондой, 2023-жылдын январь-июль аралыгында банк сектору 14 миллиард 79,5 миллион сом киреше алган. Жыл ичинде банктардын кирешеси рекорддук көрсөткүчкө — 24 миллиард 237 миллион сомго жеткен.
Улуттук банктын алтын корунун баасы экинчи ай катары менен түшүп жатат