Кыргыз паспортторун жасап автоунаа алып-сатып иштеген топ кармалды

Ыкма сырттан автоунаа ташып келип, ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатуу үчүн колдонулган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. УКМК жарандардын жеке маалыматтары пайдаланылып, документ жасалмалоо фактысын аныктады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкма сырттан автоунаа ташып келип, ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатуу үчүн колдонулган.
"Б.Т.Д. аттуу жаран автоунааны "бажылык тазалоо" үчүн чет өлкөлүктөргө кыргыз паспортторун көрсөтүп, кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогону аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында паспорт жасалмалоо жана жеке маалыматтарды пайдаланууга тиешеси бар эки адам кармалып, камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда атайын кызмат бул кылмышка тиешеси бар бажычыларды аныктап жатат.
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Орзубек Назаров УКМКга сурак берип чыкты