Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Кыргыз улакчылары көкпар боюнча финалга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жер улак (көкпар) боюнча командасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына чыкты.
Команда Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңип, өз тобундагы максималдуу упайды камсыздай алды. Кыргыз улакчылары буга чейин Монголияны дагы ири эсеп менен жеңген.
Финалда кыргыз курама командасы 11-сентябрдагы Казакстан — Россия беттешинин жеңүүчүсүнө туш келет. Алтын медаль үчүн оюн 12-сентябрда өтөт.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
ДКО-2024: кыргызстандыктар бүгүн спорттун кайсы түрү боюнча күч сынашат?