Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

ДКО-2024: кыргызстандыктар бүгүн спорттун кайсы түрү боюнча күч сынашат?

Мелдештер Бишкек убактысы менен саат 11:00дө, финалдык беттештер 17:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн бир катар спорттук мелдештер өтөт.
Таймаштар Бишкек убактысы менен саат 11:00дө, финалдык беттештер 17:00дө башталат.
Бүгүн күч сынаша турган спортчулар:
эр эңиш — Ислам Бердибек уулу (90 килограмм), Турдукул Райхан уулу жана Күмүшбек Кыдыралиев (100 килограмм);
казак күрөшү (эркектер арасында) — Шатман Эсенбек уулу (82 килограмм), Баястан Идирисов (90 килограмм), Ишен Аманов (100 килограмм) жана Муктарбек Калыбек уулу (+100 килограмм);
казак күрөшү (кыз-келиндер арасында) — Азем Камчыбекова (65 килограмм), Айжаркын Алмазбекова (70 килограмм), Адинай Алмазбекова (77 килограмм), Айжан Анарбекова (+77 килограмм);
таяк тартыш (эркектер арасында) — Русланбек Чыныбек уулу (90 килограмм), Келдибек Атайбек уулу (105 килограмм);
таяк тартыш (кыз-келиндер арасында) — Назия Майлыбашева (75 килограмм);
ат үстүндө жаа атуу — Аида Акматова, Тимур Болотов, Нурсултан Мукаев, Мерген Мирланов;
далба ойнотуу — Түгөлбай Абдукадыров, Бакыт Шамуратов, Курбантай Билалдинов;
кураш (эркектер арасында) — Эдилбек Субанбеков (60), Ислам Камчыбеков (66), Муса Шабданбеков (73);
кураш (кыз-келиндер арасында) — Бегай Бейшеналы кызы (57);
чүкө оюну (жарым финал) — Нурмухаммед Абдраимов, Нурлан Чотонов, Кубатбек Дубанаев, Тариэл Искендер уулу, Гулзина Абдилашим кызы, Галина Арызкулова, Аделя Искендерова, Миргүл Сабиева;
тогуз коргоол — Марлис Дуулатбеков, Алтынай Шамбетова, Сырттан Сыргак уулу, Азиза Жамансартова;
жер улук (көк пар) боюнча оюндар:
11:00 — Казакстан — АКШ;
12:00 — Кыргызстан — Түркия;
Көк бөрү боюнча Кыргызстан курама командасы бүгүн эс алат.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Көк бөрүчүлөр Көчмөндөр оюндарын жеңиш менен баштады