Садыр Жапаров Россиянын элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, өлкөнүн дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

2 / 3

Жапаров элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, өлкөнүн дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады

3 / 3

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрү ырааттуу иштеп, Кыргызстанда тогуз мектептин курулушу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы, Ысык-Көлдө быйыл өзүнүн 10 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз — Россия экономикалык форуму ишин баштаары белгиленди.
Өз кезегинде Вакунов мамлекет башчыга Россия менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн алакасын мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого ниеттенип жаткандыгын билдирди.
Мындан тышкары, тараптар жогорку деңгээлдеги пландалып жаткан иш-чараларды талкуулашты.
РКӨФтүн көмөгү менен дагы бир ишкана ЕАЭБ рыногуна товар экспорттой баштады