Бишкек — Москва каттамы декабрдан тарта жанданары айтылды

Адистер Москвада өткөн эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата графигин иштеп чыгуу боюнча жыйынына катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. 18-декабрдан тартып Бишкек — Москва поезди жүргүнчүлөр үчүн жумасына эки жолу каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адистер Москвада өткөн эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата графигин иштеп чыгуу боюнча жыйынына катышкан.
"Натыйжада 18-декабрдан баштап Бишкек — Москва жүргүнчү поезди жумасына эки жолу каттай баштайт. Бул Казакстан жана Россия менен макулдашылды. Каттам Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу 2022-жылы Самара бекетине чейин кыскартылган", — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге 2025-жылы Бишкек — Казань поезди жумасына бир, ал эми Бишкек — Новосибирск поезди 8 күндө бир жолу каттай турганы белгиленди.
Билеттердин сатылышы жана баасы тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.
Жүргүнчү ташыган Бишкек — Москва поезд каттамы 2025-жылга чейин жанданат