Парижден кайткан паралимпиадачылардын ар бирине 500 миң сомдон берилди

Кыргызстандын паралимпиадалык командасынын курамында төрт спортчу болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунан Париж шаарынан келген Кыргызстандын паралимпиада командасын тосуп алышты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 3

"Манас" эл аралык аэропортунан Париж шаарынан келген Кыргызстандын паралимпиада командасын тосуп алышты

2 / 3

Салтанатка катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов спортчулардын Паралимпиада оюндарына ийгиликтүү катышканын белгилеп, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын айтты

3 / 3

Байсалов гайддарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди

Салтанатка катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов спортчулардын Паралимпиада оюндарына ийгиликтүү катышканын белгилеп, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын айтты.
"Бүгүн биз паралимпиадачыларды эле эмес, чыныгы баатырларды сыйлап жатабыз. Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. Жашоодо ар кандай тоскоолдуктарга карабай эң чоң бийиктиктерге жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатасыздар", — деди минкаб төрагасынын орун басары.
Байсалов гайддарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.
Паралимпиадачылар Гүлназ Жүзбаевага (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызына (триатлон), Маматибраим Сурановго (дзюдо) жана Миргүл Болоталиевага (пауэрлифтинг) 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Паралимпиадачы жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Парижде улуттук рекордду жаңылады