РКӨФтүн көмөгү менен дагы бир ишкана ЕАЭБ рыногуна товар экспорттой баштады

Фонд бир жолу колдонулуучу таңгак чыгарган ишканага миллион доллардан ашуун каражат бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстан бир жолу колдонулуучу таңгактын импортчусунан экспорттоочуга айланганын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонд бир жолу колдонулуучу таңгак чыгарган ишканага миллион доллардан ашуун каражат бөлгөн. Компания калдык чыгарбай иш жүргүзөт.
"Натыйжада 40тан ашык иш орду түзүлүп, салыктык төлөмдөр көбөйдү. Ал эми өлкөнүн бир жолу колдонулуучу таңгакка муктаждыгы 60 пайызга жабылды", — деп айтылат маалыматта.
РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков фонд минкабдын экономиканы калыбына келтирүү программасын колдоп жатканын белгиледи.
"Жергиликтүү ишкерлер үчүн чийки зат өндүрүү маанилүү. Кыргызстан таңгак импорттоодон экспорттоочуга айланды. Продукциянын бир бөлүгү Казакстанга сатылууда. Эң башкысы, өлкө импорттон көз карандылыгын акырындан азайтууда", — деди ал.
Банктардын жети айда 18 млрд. сомдой киреше тапты