Дин иштери боюнча комиссияны Азамат Юсупов жетектемей болду

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Юсупов буга чейин директордун орун басары болуп эмгектенип келген. Ал эми комиссиянын 2021-жылдан берки директору Тойгонбай Абдыкаров 6-сентябрда өз арызы менен иштен кеткен болчу.
Аскат Алагөзов дин мыйзамынын тегерегинде чагымчылыкты токтотууга чакырды