Көчмөндөр оюндарынын кийинкиси Кыргызстанда өтмөй болду

Көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери ар эки жылда өтүп келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.
Буга чейин оюндар Өзбекстанда өтөрү айтылып келген.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз мекенине кайтып, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган болду", — деди Максутов.
Көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери ар эки жылда өтүп келе жатат. Алгачкы үчөө Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Быйыл 8-сентябрда Казакстанда башталган, иш-чара 13-сентябрда жыйынтыкталат.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бирдиктүү командасын жиберди. Видео