Пресс-борбор

Министрлик эттин кымбатташы боюнча айтылган билдирүүлөргө жооп берди

Министрликтин өкүлү ишкерлер баанын көтөрүлүшүнө ири мүйүздүү малдын чоң көлөмдө экспорттолуп, өлкө ичинде мал калбай калып жатканын себеп катары түшүндүрүшкөнүн да эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстанда этке кетчү малдын саны жетиштүү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Айыл чарба министрлиги эт жана азык-түлүк коопсуздугу тууралуу" деп аталган брифингге катышкан.
Жанузаковдун айтымында, Кыргызстан өзүн бодо мал, майда жандык, жылкы жана чочко эти менен толук камсыздап, керек болсо экспортко жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Мында тоок эти боюнча маселе бар, өлкө жыл сайын 10 миң тоннага чейин тоок этин импорттойт.
"Бүгүнкү күндө баанын олку-солкулугу ушундан болуп жатат. Айрымдар ички муктаждык жабылбай жатат дешүүдө, бирок бул тоок этине гана байланыштуу", — деди Жанузаков.
Министрликтин өкүлү ишкерлер баанын көтөрүлүшүнө бодо малдын чоң көлөмдө экспорттолуп, өлкө ичинде мал калбай калып жатканын себеп катары түшүндүрүшкөнүн да эске салды.
"Ири мүйүздүү мал байлаган фермерлердин колунда мал жетиштүү. Малдын башы азайды деген кеп-сөздөн улам ажиотаж башталып, натыйжада айрым ишкерлерибиз бааны жогорулатып жатышат", — деди Жанузаков.
Ал базарларга мониторинг жүргүзүлүп, баа негизинен Бишкекте эле көтөрүлүп жатканын, калган аймактарда эттин наркы туруктуу келип, 10-20 сомго өйдө-төмөн болуп жатканын белгиледи.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин кымбаттаган себептерин санады