Бишкекте бетон аралаштыргыч машина менен кагышкан скутерчи мүрт кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте бетон аралаштыргыч менен скутер катышкан жол кырсыгы катталып, мопедчен бала мүрт кетти. Бул тууралуу шаардык ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 10-сентябрда саат 11:45 чамасында Жайыл баатыр жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде Howo үлгүсүндөгү бетон аралаштыргычтын 24 жаштагы Ы.Ж. аттуу айдоочусу скутер менен кагышкан.
Скутердин 17 жаштагы И.Ш. аттуу айдоочусу тез жардам келгенге чейин каза болгон.
"Учурда милиция кызматкерлери тарабынан алгачкы иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", — деди ШИИББ.
Бишкекте скутер эки адамды коюп, бири каза тапты. Видео