"Ак шумкарлар" Өзбекстандын футболчуларына 2:3 эсебинде утулуп калды

Биринчи тайм 2:2 эсеби менен аяктаган, бирок экинчи бөлүктө коңшу мамлекеттин футболчулары бир гол менен жеңишти илип кетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстандын футболчуларына 2:3 эсебинде утулуп калды.
Беттештин биринчи таймы жеңиш менен башталган. Тагыраагы, Кыргызстандан Жоэль Кожо атаандаштын дарбазасына топ киргизип эсепти 1:0 кылган. Көп өтпөй Өзбекстан эсепти 1:1 кылып теңеди. Биринчи таймдын аягына чейин командалар дагы бирден топ киргизип эсеп 2:2 болгон.
Тилекке каршы, экинчи таймда Өзбекстан дагы бир гол киргизип, жеңишти камсыз кылышты.
Бул — 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпиондугуна тандоонун үчүнчү раундундагы оюн.
Алдыда улуттук команда Иран, Өзбекстан, Түндүк Корея, БАЭ жана Катар курама командалары менен дагы 8 оюн өткөрөт.
Буга чейин “ак шумкарлар” ирандыктарга жеңилип калган.
Оюнга президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башында турган аткаминерлер келишти.
Чемпиондор лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчу Роналдуга сыйлык тапшырылды