Ат-Башыда экс-чиновниктин бири алды делген 162 гектар жер өкмөткө кайтарылды

Жер кыртышынын катмарына зыян келтиргендиги үчүн да тилкенин ээси 1,5 миллион сомдон ашык айыпка жыгылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Буга чейин козголгон иштин жана иликтөөнүн натыйжасында Ат-Башы районунда 161,82 гектер жер имараттары жана курулмалары менен кошо мамлекетке кайтарылды. Анын жалпы баасы 1 миллиард 24 миллион сомду түзгөн.
УКМК тараткан маалыматта муну менен катар эле жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан белгиленген имараттарды, курулуштарды курууда жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн да тилкенин ээси 1 миллион 175 миң сом айып пул төлөгөнү айтылат.
Буга чейин атайын кызмат Нарындын губернаторунун мурдагы биринчи орун басары кызматта турганда токой чарбанын жерин ээлеп алганы боюнча https://sputnik.kg/20240806/kyrgyzstan-naryn-ukmk-turizm-1087639943.html маалымат тараткан. Кеп Ат-Башы районундагы токой чарбасынын Чар участогу тууралуу жүрүп жатат.
Маалыматта шектүү ал жерге уруксат берген документтери жок мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттарды куруп, туристтерди кабыл алып келгени айтылган. 17 жылдан бери бюджетке эч кандай милдеттүү алымдарды төлөгөн эмес деп кошумчалашкан.
УКМК экс-чиновник А.И.А. 2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып бул жерди алганын билдирген.
УКМК: Кара-Көл шаардык кеңештин депутаты жана төрагасы коррупцияга шектелип кармалды