Динди көзөмөлдөө боюнча мыйзам пакети сунушталууда. Эмне өзгөрөт?

Sputnik
Өлкөдө дин тутунууну жөнгө салган мыйзамдар пакети сунушталууда. Анда коомдук тартиптен баштап, саясий кызматкерлерге чейин каралган. Мисалы коомдун коопсуздугу үчүн эркек, аялына карабай жүзүн чүмбөттөп жүрүүгө тыюу салынса, эл өкүлү болуп өлкөнүн саясий чечимдерин кабыла алууга аттангандар диний ишмердүүлүк жүргүзө албашы айтылат. Дагы кандай өзгөрүүлөр болорун биз “Күн башат” уктуруусунун алкагында талкууладык.