Сокулукта 9-класстын окуучусунун өлүмүнө 16 жаштагы бала шектелүүдө

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Сокулук районунда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө 16 жаштагы бала шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Өспүрүмдүн өлүмү боюнча маалымат милицияга 5-сентябрда түшкөн. Факт электрондук журналга катталып, текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук райондук милициясында көз жумган баланын классташтары сурак беришкен.
"Анда 5-сентябрь күнү Комсомол айылында 9-класстын окуучуларын 16 жаштагы бала чогултуп, Э.А. аттуу баланы ичке чапканы айтылат. Ал окуучу өзүн жаман сезип, көз жумганы белгилүү болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча иши козголуп, кылмышка шектелип 16 жаштагы бала кармалган", — деп айтылат кабарда.
Тергөөдө кылмыш иши 130-беренеге ("Ден соолукка оор залал келтирүү") өзгөртүлүп, эки айга камакка алынган. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатат.
Бишкекте фуранын айдоочусу тестиер кызды тебелеп кетти. Видео