Симоньян RT, "Россия сегодня" тобуна салынган санкциялардын себебин атады

Журналист бир катар "партизандык долбоорлорду" уюштурушканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян "Россия 1" телеканалынын эфиринде RT, "Россия сегодня" тобуна салынган санкциялардын себебинин бири АКШнын өзүндөгү шайлоого байланыштуу экенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Муну эмнеге азыр жасашты? Эки себептен улам болду. Биринчиден, долбоорлор болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратты: аудиториябыз ачылган мезгилге салыштырмалуу олуттуу көбөйдү. Былтыр эле англис тилдүү долбоорлорубуз дээрлик 14 миллиард ирет көрүлүптүр. Бул бизге атаандаш болгон Би-Би-Си, CNN телеканалыныкынан да көп. Мындай жагдай аларга жаккан жок. Анын үстүнө аларда шайлоо жакындап калды, бул тапталып, эбактан бери даярдалып калган ыкма. Россияны тезирээк алагды кыла коюш керек", — деди Симоньян.
Мурдараак ал россиялык атайын операция башталгандан тарта Украинаны колдогон Батыштын бир катар мамлекеттери бул эки ЖМКнын ишин чектеп, лицензиясын чакырып алгандыгын эске салган. Медиаменеджердин айтымында, иш жашыруун уланган.
Журналист Советтер Союзунда туулуп, СССРдин мектебинде окуп, советтик окуу китептери менен чоңойгондор бир катар "партизандык долбоорлорду" уюштурушканын белгилеген. Муну менен катар эле башка мамлекеттерде аудитория көбөйгөнүнө да токтолгон. Симоньяндын айтымында, Латын Америкасында, араб мамлекеттеринде, Африкада бул жааттагы кадамдар ийгиликтүү болгон.
АКШнын Финансы министрлиги өткөн шаршемби күнү "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян, анын орун басарлары Антон Анисимов жана Елизавета Бродскаяга санкция салган. Алардан сырткары, бул тизменин ичинде RT телеканалынын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы Андрей Кияшко, санариптик долоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Константин Калашников жана бир катар кызматкерлер бар. Калашников менен RT кызматкери Елена Афанасьевага арам акчаларды адалдоо максатында бир кепке келип алышкан жана чет элдик агенттерди каттоо жөнүндөгү мыйзамды бузган деген айыптар тагылган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти "Россия сегодня" медиатобун жана анын АКШдагы туунду компанияларына "чет элдик миссия" макамын тагып, ишин чектеген. Америка мыйзамы эми мекемеден АКШда иштеген кызматкерлер жана алардын мүлкү тууралуу да маалымат берүүнү талап кылууда.
Муну менен катар эле АКШ бийлиги "Кремль колдойт" делген ЖМКларда иштеген адамдарга виза берүүнү чектөө тууралуу жаңы саясатын да жарыялады. Мамдепартамент бул жагдай кимдерге тиешелүү экенин тактоодон баш тарткан. Мекеменин расмий өкүлүнүн айтымында, чектөө Россиянын айрым журналисттерине эмес, чектөөгө кабылган уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине "Россия сегодня" медиатобуна каршы санкцияга жооп АКШнын Россиядагы ЖМКларынын маалымат жайылтуусуна чектөө киргизүү менен болорун билдирген. Ошол эле учурда ал Америкада мамлекеттик маалыматтык агенттиктердин жоктугунан улам аларга ылайыктуу жооп берүү мүмкүн эмес экенин да кошумчалаган.
ЖМК: америкалык медиа RT менен кызматташкан деген жүйө менен блогерди иштен алды