Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бирдиктүү командасын жиберди. Видео

Россия командасында 150 спортчу бар.
Sputnik
Улуттардын маданий баалуулуктарын унуткарбай туруу миссиясын аркалаган бул иш-чара Казакстанда өтүп жатат.
Ачылуу аземи Астана калаасындагы "Астана Арена" стадионунда өттү. Парадды Көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары Кыргызстандан барган курама команда ачып берди.
Көчмөндөр оюндарына жалпысынан 90 мамлекеттен 2,5 миң спортчу келген. Алар медалдын 97 комплекти үчүн ат салышмакчы. Россиянын командасына спорттун 21 түрү боюнча 150дөн ашык спортчу кирген.
"Казакстан дүйнөгө саясаттан алыс, бузукулук эмес, спортту пропагандалоо боюнча салтты — дүйнөлүк спорт кандай болорун көрсөттү", — деген РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова.
Эске салсак, Көчмөндөр оюндары 13-сентябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандын атынан 181 спортчу спорттун 18 түрүнөн катышуда.