Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украинанын кадамынан кийинки Россиянын аракетинен чочулап турат

Аскер адамы Киев Курск облусуна чабуул коюп, жаңылышканын, аймак аскердик кагылыштын негизги линиясынан алыс жайгашканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Курскидеги чагымчылыкка жооп катары Донбасста орус жоокерлеринин ыкчам илгерилеши украин армиясынын ыдыроосун тездетет. Бул тууралуу АКШнын мурдагы деңиз аскери Брайан Берлетик Danny Haiphong YouTube каналына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Анын баамында, Киев Курск облусуна чабуул коюп, жаңылышты, анткени аймак аскердик кагылыштын негизги линиясынан алыс жайгашкан.
"Алар (украин куралдуу күчтөрү - ред.) Курскидеги бөлүктөргө колдоо көрсөтүп, Донбасстагыларга жардам берилбей калууда. Мунун баары ансыз да жүрүп жаткан процессти — украин аскеринин кыйрашын тездетет", — деди ал.
Ишембиде Россиянын Коргоо министрлиги Түштүк аскер бөлүктөрү душмандын коргонуусун жарып Донецкинин Красногоровка, Северск, Верхнекаменское, Федоровка, Григоровка, Ступочки, Предтечино, Максимильяновка жана Катериновкадагы украин күчтөрүн сүрүп чыгарганын кабарлаган.
Жума күнү ДЭРдеги Журавка айылы бошотулганы жарыяланды. Акыркы жумада бул Кирово, Птичье, Скучное, Карловка, Заветное жана Пречистовкадан кийин көзөмөлгө алынган жетинчи конуш болуп калды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөн эч качан баш тарткан эмес